Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелди оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктап, киргизилген чектөөлөр толугу менен алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бардык унаалар 2-август саат 16:00дон баштап тоскоолдуксуз өтө баштады. Ал эми тоннелдин кире бериштерин көрктөндүрүү учурунда эч кандай чектөөлөр болбойт.
Эске салсак, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабылары билдирилген.