Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштери аягына чыгып, чектөөлөр 6-августка чейин алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн акыркы жумуштар аткарылып, чектөөлөрдүн 2-август 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Ага чейин азыркы график сакталып турат. Ал эми жакында тоннелдин айланасын көрктөндүрүү иштери башталарын, бирок ал учурда унаалар тоскоолдуксуз өтө алышарын министрлик белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан жабылып турган. Бул объектте оңдоп-түзөө иштери акыркы жолу 2000-жылы жүргүзүлгөн.