06:47
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

Кыргызстанда телекөрсөтүүлөрдүн пропагандасын чагылдырган тасма чыкты

Кыргызстанда телевидения аркылуу жүргүзүлгөн пропагандасынын таасири тууралуу кыска метраждуу тасманын бет ачары болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тасманын авторлору  билдирди.

«Бункер» - мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдүн пропагандасынын чындыкты кабылдоону бурмалап, «тышкы дүйнөдө» эмне болуп жатканын жашырып, миллиондогон адамдарга тийгизген терс таасирин чагылдырган 15 мүнөттүк кыска метраждуу тасма. 

«Биз муздак жана нымдуу бункерди көрсөттүк, анда беш аял күн сайын аскер кийимин тигип,  тамактанып, телевизор көрүшөт. Жогоруга алып баруучу чоң металл эшикти эч ким көптөн бери карабайт. Анткени, сыналгыдагы диктор анын артында өлүм бар экенин ачык айтты», — деп берилет маалыматта.

Режиссер Адилет Макенов белгилегендей, тасма сынчыл ой-жүгүртүүнү, фактчекинг инструменттерин колдонуу жөндөмүн өнүктүрүү жана телевизордон, соцтармактардан алынган маалыматты кылдат текшерүү зарылчылыгы жөнүндө ойлонууга багытталган.

«Биз күн сайын социалдык тармактарда текшерилбеген тонна маалыматты бөлүшүп жаткан адамдарды көрөбүз, алар фактчекинг инструменттерин колдонгонду билбеген адамдарга кандай таасир этиши мүмкүн экенин эч ойлонушпайт. Биздин ата-энелерибиз өзгөчө коопту жагдайда. Себеби алар телевизордон айтылган нерсенин барына ишенүүгө көнүшкөн. Бул тасма менен биз маалыматты манипуляциялоо кайгылуу натыйжаларга алып келерин көрсөткүбүз келди», — деп билдирди ал.

Фильм 2023-жылы Казахстан жана Украина менен биргеликте тартылган. Тасмада башкы ролду кыргызстандык актриса Сайкал Жумабекова, ал эми экинчи пландагы ролду казахстандык актриса Айдана Абпасова аткарган. Мындан тышкары, Руслан Харизов, Нурийля Матиева, Нуркыз Тунгаратова, Рыскүл Кубанычбек кызы, Жаңыл Чыңгышева жана Алина Фурсова кинодо роль жаратышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар