Учурда Нью-Йорк шаарында (АКШ) жашап жаткан сүрөтчү жана дизайнер Аида Сулова Барби куурчагынын кыргызча көрүнүшүн жасап, аны Жамиля деп атады. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда жазды.
Анын айтымында, образ Кыргызстандын эл акыны Чыңгыз Айтматовдун повестинин баш каарманынан алынган.
«Барби Жамиля — менин кыргыз Барбиси жөнүндө фантазиям. Кыргызстандык аябай көп сонун айымдар бар, мен алардын баарын жасоо үчүн көбүрөөк убактымдын жана ресурсумдун болушун каалайт элем», -дейт дизайнер.
Аида Сулова атасы Казакстанда иштеп, балалыгы ал жактын талааларында өткөнүн билдирди. Бир жолу атасына белекке берилген уйду Майя деп аташканын да жазган.
«Бардык «оюнчуктарымдан» көбүрөк эсимде Майя калды, ошондой эле поролон менен толтурулган маймыл жана бурагычы бар конструктор. Кийим жасоо, болгондо да талаштуу Барби үчүн, аны «Репрезентация» сериасынан көргөнгө чейин-мен үчүн чакырык болчу», — деп жазды ал.