11:57
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Өлкөдөгү жолдорду мындан ары Транспорт министрлиги курат

Өлкөдөгү жолдорду мындан ары Транспорт жана коммуникация министрлиги курат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жол куруу иштерине чет элдик инвесторлорду тартпайт.

«Мындан ары жолдорду мамлекет өзүбүз курабыз. Буга чейин ар кандай шылтоолорду айтып, техникабыз жок же адистерибиз жетишпейт деген шылтоо менен чет өлкөлүк компанияларга же жеке жактарга үч-төрт эсе кымбат баага берип келишкен. Себеби алар менен бөлүшүп жегенге ылайыктуу болгон. «Сага тендерден утуп берем. Мага баланча процентин бересиң», — деп ачык эле соодалашып, жеп келишкен. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан транспорт министрлигине техникаларды алып берип, жолдорду өзүбүз сала баштадык. Үч-төрт эсе арзан. Азыр дагы толук техникаларыбыз келе элек. 700гө жакын техника келет. Кудай буюрса келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар