18:57
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Ноокат жолу 1-сентябрга чейин бүтпөсө министр кызматтан кетет

Ош-Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгү 1-сентябрга чейин бүтпөсө транспорт жана коммуникация министри Тилеке Текебаев кызматтан кетет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал министрге Ноокаттын жолун бүтүрүү убадасын бергенин эскертти.

«31-августта бүтпөсө, 1-сентябрь күнү арыз жазасыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, Ноокат жолунун курулушун Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен колго алган.

Эң көп окулган жаңылыктар