23:58
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Сот блогер Карыбек уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. 

Тергөөчү Карыбек уулун эки айга, тергөө бүткөнгө чейин камоону соттон өтүнгөн.

Мунун алдында Ош шаардык сотунун судьясы Улукбек Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Жактоочу Жылдыз Кадырова Карыбек уулуна каршы арыз жазгандар боюнча сотко кайрылышарын «Азаттыкка» билдирди.

Соттук отурумду видео, сүрөткө тартууга уруксат берилген эмес. Блогерди колдоп келгендер буга нааразылыгын билдирип, сот ачыктыгы сакталбай жатканын белгилешти.

15-июлда Карыбек уулу «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылганын «Азаттыкка» ырастаган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу башка иш боюнча топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин 15-июлда кабарлады. Блогер «милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес» деп шек саналууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Эң көп окулган жаңылыктар