16:59
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү кармалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 10 мүчөсүнүн үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Алардын билдирүүсүндө, партиянын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды.

«Тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды», — дейт УКМК.

УКМК маалыматында, партиянын мүчөлөрүнүн арасында күч менен бийликти басып алууга чакырыктар болгон. Аларга карата «Массалык башаламандыкка чакыруу» айыбы менен иш козголду.

Партия мүчөлөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандардын арасында Мирлан Ураимов, Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Тангдагүл Самиева бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума