02:23
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Абдил Сегизбаевдин жубайын милиция кармап кетти

Бишкекте Абдил Сегизбаевдин бир нече тарапташын жана жубайын кармап кетишти. Бул тууралуу Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанова 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, алар бүгүн жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтүп жаткан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына тынч митингге чыгышкан.

«Бүгүн эртең менен алар Абдил Сегизбаевди колдогон акцияга чыгышкан, бирок аларды кармап, баш калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткиришти. Алар дагы деле ошол жакта, азырынча эч маалымат жок», — деген Мээрим Асанова.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев эки иште фигурант катары өтүп жатат — Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин трансформациялоодогу коррупция жана Белизгейт иши боюнча.

Экинчи иш «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматовдун 209-жылы эле берилген арызынын негизинде ачылган. Ал кезде башкы көзөмөл орган Сегизбаевдин аракеттеринде кылмыш белгилери жоктугун айтып, иш козгоодон баш тарткан. Эми Башкы прокуратура өзүнүн баш тарткан токтомун жокко чыгарып, Алмамбет Шыкмаматовдун арызын канааттандырууну чечти. Шыкмаматов Абдил Сегизбаевди Белизгейт боюнча жасалма документтерди таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Кечээ сот Абдил Сегизбаевди 25-мартка чейин УКМКнын абагында кармоо чечимин чыгарган.