12:49
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Өзбекстанда сегиз жаштагы жээнин зордуктаган киши 16 жылга соттолду

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда сегиз жашар жээнин зордуктаган жергиликтүү тургун 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу NeMolchi.uz долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, мас абалындагы 48 жаштагы тургун 2022-жылы ноябрда мектептен келаткан жээнин жолуктуруп, аны үйүнө алып барып зордуктаган.

NeMolchi.uz — аялдарга карата зомбулук көрсөтүү учурларына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында 2017-жылы түзүлгөн көз карандысыз маалыматтык долбоор.

Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн жетекчиси жашы жете элек үч кызды жергиликтүү аткаминерлерге салып берип, алар 10 ай бою зордукталганы жөнүндө алгачкылардан болуп NeMolchi.uz долбоору жазып чыккан.

Майдын башында долбоордун негиздөөчүсү Ирина Матвиенко коркутуулардан улам Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул боюнча тергөө иштери башталганын кабарлаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тергөөнүн жыйынтыктары боюнча коомчулукка эч кандай маалымат бериле элек.

Эң көп окулган жаңылыктар