Мигранттардын балдары үчүн жайкы лагерге 55 жолдомо бөлүнөт. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Жогорку Кеңеште өткөн миграция кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан Ысык-Көлдөгү лагерлерге 550 жолдомо бар.
Анын 10 пайызы мигранттардын балдарына, дагы 10 пайызы Баткенде каза болгон жана жабыр тарткан үй-бүлөнүн балдарына, калганы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.