Кыргызстанда Ата Мекендик согуштун 64 ардагери жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри билдирди.
Бишкек шаарында 31, Чүйдө −10, Жалал-Абад облусунда −10, Ош облусунда −6, Ысык-Көлдө −3, Нарында −3, Таласта −1 ардагер жашайт.
Баткен облусунда Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баарынын көзү өтүп кетти.