08:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда оорукта эмгектенгендерди согуш ардагерлерине теңөө сунушталды

Кыргызстанда оорукта эмгектенгендерди согуш ардагерлерине теңөө сунушталды. Мындай сунушту депутат Рада Түмөнбаева айтып чыкты.

«Оорукта эмгектенгендер- эмгеги татыктуу бааланбаган муун. Алардын эмгегинин арты менен Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишкен. Алар социалдык коргоого муктаж эмес, алар эмгектеринин бааланышына муктаж», -деди депутат.

Согуштун катышуучулары же оорукта эмгектенгендерди жерге берүү зыйнаты жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен жеңилдетилген шарттарда аскердик артыкчылыктар менен жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар