19:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда аялдар дагы эркектерге алимент төлөшөт

2022-жылдын жыйынтыгы менен 227 аял мурдакы күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары билдирди.

Ал Үй-бүлөлүк кодекске ылайык карыган ата-энелер карабай койгон балдарынан дагы алимент чегерүүгө укуктуу экенин белгиледи.

«Мыйзамда балдар ата-энесин багууга милдеттүү экендиги айтылган. Бирок бизде балдарынан, туугандарынан алимент талап кылып кайрылган учур боло элек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар