03:51
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Тажикстандык мигрант Орусиядан 100 жылга депортацияланды

Тажикстандын жараны Алижон Рахмонов Орусиядан 100 жылга депортацияланды. Соттун тиешелүү токтомунун көчүрмөсүн укук коргоочу Каримжон Ёров социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялады.

Документке ылайык, 26 жаштагы тажикстандык мигрантка Орусиянын аймагына кирүүгө 2123-жылдын апрелине чейин тыюу салынды.

"Озоди" радиосу соттун бул чечими боюнча орус тараптан комментарий алуу мүмкүн болбогонун жазды.

Ёровдун айтымында, Алижон Рахмонов Орусияда жүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү деп табылды. "Буга чейин Тажикстандын дагы бир жараны 99 жылга депортацияланган. Бирок 100 жылга депортациялоо Орусиянын тарыхында мурда болгон эмес. Мындай чечимдер мигрант өз укуктарын коргоого аракет кылганда кабыл алынышы мүмкүн", – деди укук коргоочу.

Акыркы бир нече жылдын ичинде Орусиядан 200 миңден ашык тажикстандык мигрант мекенине депортацияланган. Адатта алардын бул өлкөгө кирүүсүнө үч жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө тыюу салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар