10:45
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Мектептерге электрондук каттоо 10-апрелден башталат

Мектептерге электрондук каттоо 10-апрелден башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча  25-июнга чейин, экинчи этап — жашаган жерине карабастан 26-июндан баштап  31-августка чейин жүрөт. 

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефону) иштей баштайт. Чалуу акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума