03:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте акысыз автобустар каттамы жүрүүдө

Маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

№ 100-маршрут боюнча Ички иштер министрлиги, «Дордой» ассоциациясы тарабынан берилген автобустар жана ошондой эле «Алга» футболдук клубу тарабынан берилген 18 орундуу автобус катоосун жүргүзүүдө. Эл аралык «Манас» аэропортунан берилген автобустар № 214-каттамда иштөөдө. «Мадина» базары эки автобус бөлүп берди, алар № 211-маршрут боюнча убактылуу иш жүргүзөт. Сиздердин колдооңуздар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Ошондой эле каттамга 110 автобус жана 141 муниципалдык троллейбус чыкты.

Азыркы убакта шаардыктарга көздөгөн жерине жетүү кыйынчылык жаратууда. Райондук администрациялардын жардамы менен шаардыктарды акысыз ташууну уюштурдук, троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жана маданият башкармалыгынын кызматкерлери шаардыктарды ташууга кошулушту.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тунгуч» кичи району — «Ак-Ордо» жаңы конушу схемасы боюнча каттап жатат.

Жалпысынан 25 унаа иштөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар