17:38
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Орусиялык блогер Тажикстандын жашоочуларынан кечирим сурады

Петербургдук блогер жана пранкер Кирилл Шучер каармандарынын бири катары тажикстандык кыз катышкан тамаша видеосу үчүн Тажикстандын жашоочуларынан кечирим сурап, видеокайрылуу жасады.

«Ооруканада көп нерсе өзгөрдү, мен коомдук баалуулуктар, өзүмдүн жолум жөнүндө жакшылап ойлондум... Жарыяланган видео жана андан кийинки жаңжалдар үчүн тажик элинен кечирим сурайм. Мен адамдардын ачууланып, кыжырданганын көрдүм», — деди Шучер.

Блогер өз кайрылуусунда тажикстандык кыз катышкан тамаша видеону YouTube-каналынан өчүргөнүн да кошумчалады.

Февралдын башында Кирилл Шучер кыздарга «Айфон» смартфону үчүн аны менен жыныстык катнашка барууну сунуштаган видеосун жарыялаган. Өзүн Тажикстандын жараны катары тааныштырган кыздардын бири сунуштан баш тартып, бирок смартфон үчүн блогер менен өбүшүүгө макул болгон. Өз кезегинде бул тажикстандыктардын кыжырын келтирип, Шучерге тажик мигранттарынан коркутуулар келе баштаган.

Социалдык түйүн колдонуучулары Шучерди адепсиздикке айыптап, аны адамдар менен сүйлөшкөндө улуттук маданият факторун эске алууга чакырышкан.

12-февралда Кирилл Шучер мигранттар аны Санкт-Петербургда автобуста баратканда сабап кетишкенин, ооруканага жатып калганын билдирген. Алардын бири күбөлөрдүн жардамы менен колго түшүрүлгөн. Көп өтпөй кол салган мигранттардын экинчиси да кармалган.

Орус басылмалары кабарлагандай, Петербургда бул кол салуудан кийин кылмыш иши козголгон. Кармалган мигранттар «Бейбаштык» беренеси менен жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, блогерди сабаганы үчүн кармалган тажик мигранттары учурда тергөө абагында камакта отурушат.

Эң көп окулган жаңылыктар