18:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кара-Сууда сарайдагы өрттө 12 эчки каза болду

Кара-Суу районунун Кескен-Жар айылындагы сарайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, эки кабаттуу сарайдын 128 чарчы метр чатыры, 400 түк жыйылган чөп жана 12 эчки күйгөн. Өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана бастырманын жалпы 74 чарчы метр чатыры дагы жабыркаган.

Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар