23:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруучу компания тандалды

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы чехиялык компания курат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 1-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында чехиялык компаниянын алты кишиден турган делегациясы менен жолугушуу өттү.

«Аталган компания менен кечээ мэрияда жолугушуу болсо, бүгүн Акылбек Жапаров жолугушуу өткөрдү. Учурда ишкананын техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Ишкананын сметалык баасы 45 млн долларды түзөт», — деди ал.

Абдыкадыров чехиялык компания таштандыны кайра иштетүү ишканасын 15 жыл иштетерип белгилеп, бул убакытта алар салган акчасын актай аларын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар