Улуттук банкта 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу журналисттерге банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдан бери өлкөнүн ичинен сатып алынган алтындын көлөмү 46,7 тонна.
Валюталык резервде 16 тонна алытн бар. Ал 87, 3 миллиард сомго барабар.
"Өткөн жылдын февраль айынан бери Улуттук банк 10,9-132 килограммга чейинки алтын куймаларды сатып алып жатат. Андан бери бир куйма сатыла элек",- дейт ал.