04:57
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

Италияда кеме кырсыгынан 60тай киши набыт болду

Италияда мигранттарды ташып келе жаткан кеме кырсыкка учурады. Расмий маалыматка караганда, кеминде 59 киши өлдү, арасында балдар да бар.

80ден ашууну аман калды, 20 чакты адам ооруканага жаткырылды. Тирүү калгандардын айтымында, кемеде 140-150 киши болгон.

Кеме бир нече күн мурун Түркиянын Измир портунан жолго чыккан. Италиянын Калабрия провинциясынын чыгыш жээгинде бороондон улам аскага урунган. Кемеде Ооганстан, Пакистан, Иран жана Сомолиден келе жаткан мигранттар болгон.

Жылына миңдеген мигранттар Жакынкы Чыгыштан жана Африканын түндүгүнөн мыйзамсыз жол менен Италияга жолго чыгышат. Көптөгөн мигранттар ал жакка кеме же кайыктар менен барып, Евробиримдиктен башпаанек сурашат. Жолдо набыт болгондор да аз эмес. Missing Migrants Project эл аралык уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылдан бери миграция максатында Жер ортолук деңизди кесип өтүүгө аракет кылгандардын ичинен 20 333 киши мерт болгон же дайынсыз жоголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
21-февраль, шаршемби