05:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда үч майрамда эс алууну жокко чыгаруу сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги айрым майрам күндөрүндө эс алууну жокко чыгарууну сунуштоодо.

Министрлик 23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулар күнүн, 7-апрель — Элдик Апрель революциясы күнүн жана 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн жумуш үстүндө белгилөөнү демилгелейт.

Андан тышкары, майрам дем алыш күндөргө туш келип калган учурда эс алууну жумуш күндөрүнө жылдыруу практикасын жокко чыгарууну дагы сунуштап жатат.

«Майрам күндөрүн кыскартуу Кыргызстандын экономикасына оң таасир этет. Кошумча майрамдар жана эс алуу күндөрү айлык-акыга кеткен чыгымды көбөйтүп, өндүрүштү кыскартат», — деп жазылат маалым катта.

Эң көп окулган жаңылыктар