Бишкектеги Эркиндик бульварындагы жаңы аянтчада орнотулган пластмассадан жасалган балдар отургучтарын алып салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
Айтымында, отургучтар балдардын салмагына эсептелген, бирок ага ата-энелер да отуруп жүргөн. Мындан улам отургучтар ийилип калган. «Отургучтар балдар үчүн деп атайын кулактандыруу да илинген, бирок ата-энелер буга көңүл да бурушкан жок. Талкалап салышкан окшойт», -деп боолголойт окурман.
Эске салсак, жаңы аянтча июлдун башында ачылган.