15-февраль күнү мыйзамсыз аӊчылыктын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү егерлер менен бирдикте рейдтик иш-чарасын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөндөрүндө өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө, рейдтин катышуучулары сырт өрөөнүнүн «Ыштык» жайлоосунда 37 жаштагы Кызыл-Суу айылынын Т.Б. аттуу тургунунан бир даана атылган тоо текеси табылып алынган. Текшерүү учурунда, кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

