10:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Азимбек Бекназаров ага каршы 12 кылмыш иши козголгонун билдирди

15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга — 20-апрелге чейин узартты.

Бекназаров сот залынан чыгып баратып ага каршы 12 кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Ал эмне иштер экенин билбейм, мага таанышууга мүмкүндүк беришкен жок. Болгону 12 иш экенин айтышты», — деди Бекназаров.

Адвокат Эркин Булекбаев Бекназаровго каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирип, бирок кандай айыптар тыгылып жатканын билбей турганын айтты.

Сот 15-февралдагы отурумунда Акыл Айтбаев менен Бектур Асановдун да камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартты. Булар үчөө тең «Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталууда.

Буга чейин аталган соттун чечими менен жарандык активист Али Шабдан менен саясатчы Равшан Жээнбековдун камак мөөнөтү эки айга узартылган. Жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга үй камагына чыккан.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар