И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center (Канада) «Жылдын мыкты университети-2022» деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, сынакта университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилген. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жеңишке ээ болду.
Ошондой эле IARC борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева «Жылдын ректору — 2022» деп тапты.