18:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Финансалык пирамиданы жарнамалагандарга айып пул салынат

Каржы пирамиданы жарнамалагандарга айып пул салынат. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоордун автору депутат Шайырбек Ташиевдин айтымында, финансалык пирамиданын уюштуруучулары белгилүү инсандар, ырчылар жана блогерлердин баракчалары аркылуу реклама жүргүзүп, элди өзүнө тартат.

«Мыйзамда пирамиданын уюштуруучуларынын жоопкерчилиги каралып, аны жарнамалагандарга жаза жок», — дейт Ташиев.

Эми финансалык пирамиданы жарнамалагандар 20-25 миң эсептик көрсөткүчтө (2 миллион сом) айып пул төлөйт. Андан тышкары алар 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылышы дагы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар