20:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери кыргыз тилден сынак тапшырууда

Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек, Чүй райондорунун билим берүү борборлорунун, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалымат караганда, жалпы 73 кызматкер тесттен өтүү каалоосун билдирип, анын биринчи күнүнө 40 адам катышты.

Министрлик билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин тилди билүү деңгээлине көзөмөл жүргүзүү менен мониторинг жасап турмакчы.

Эми тестирлөөгө аймактык билим берүү мекемелеринин, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана университеттердин ректорлору катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар