09:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президентке Сокулук районунун акимин кызматтан алуу сунушталды

Министрлер кабинетинин башчысы  Акылбек Жапаров президентке Сокулук районун акими Курбанбек Айтибаевди кызматынан алуу сунуштады. Бул тууралуу ал жыйында билдирди. 

Акылбек Жапаров Сокулук районундагы мал базарындагы абал менен таанышкандан кийин президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоону дагы сунуштайт. 

«Жаныңарга резина өтүк алып, дем алыш күндөрү мал базарларды кыдырып чыгыңыздар. Республиканын тургундарынын жарымынан көбү мал чарбачылыгы менен алектенет. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер. Тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын элге көрсөтүңүздөр, сиздердин кандай иштеп жаткандыгыңыздарды ар бир адам көрсүн», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысына Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, учурда соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жүрүүдө жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат.

«Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар