Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери кармалды. Бул тууралуу медиктердик кесиптик биримдигинин жетекчиси Бермет Барыктабасова билдирди.
Азырынча маалыматты укук коргоо органдары жана Саламаттыкты сактоо министрлиги таксыктай элек.
Бермет Барыктабасованын айтымында, дарыгерлер ноябрда каза болгон баланын өлүмүнө байланыштуу кармалды.

