12:58
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ирандык шахматчы кыз Алматыдагы чемпионатка хижабсыз катышты

Ирандык шахматчы кыз Сара Хадем Алматыда өтүп жаткан чемпионатка хижабсыз катышты. Бул сентябрь айында Иран абагында каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу кеңири жайылган нааразылык акцияларына тилектештиктин белгиси катары сыпатталууда.

Ирандын маалымат агенттиктери 26-декабрда гроссмейстер Сара Хадем Алматы шаарында өткөн FIDE World Rapid and Blitz Chess Championships мелдешине жоолуксуз катышканын жазышты.

Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини «хижаб кийүү эрежесин бузган» деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясынын абагында каза болгон. Бул окуядан кийин Иранда кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган нааразылык акциялары тутанган. Демонстрацияларды күч менен басуу аракетинде жүздөгөн адам өлдү. Акция катышуучулары кармалып, айрымдары дарга асылды.

Ирандык футболчулар да демонстранттарга тилектештигин билдирип, жакында Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышкан.

Иран Ислам Республикасында кыз-келиндер жоолукчан жүрүүгө милдеттендирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар