21:10
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча техникалык документтер даярдалды

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү 2022-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрел кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстанда аймагында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар