15:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Сот залында эс-учун жоготкон Орозайым Нарматовага тез жардам чакырылды

Сот залында эс-учун жоготкон Орозайым Нарматовага тез жардам чакырылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралууда. Сот учурунда ал өзүн жоготуп, жерге кулап түштү.

Жактоочусу Гуляна Убалиева тез жардам чакырууну талап кылды. Медиктер 25 мүнөттөн кийин келишти.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасына байланыштуу жактоочулардын арызы каралууда. Биринчи май райондук соту кармалгандарды дагы эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар