USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы портал ишке кирет

16:09, 26 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы портал ишке кирет. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, жаңы полртал 1-январынан тарта иштей баштайт.

Мекеменин билдирүүсүндө, жаңы тутумга сатып алуу процессин башкарууга, тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берген контракттарды башкаруунун жаңы бөлүмү киргизилүүдө, ал тобокелдиктерди, контракттардын аткарылбай калышын жана коррупциялык компоненттерди азайтууга багытталган.

«Ошондой эле, Жаңы порталда электрондук сатып алуулар тутумунун маалыматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн коомчулукка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдун жаңы инструменттери — мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарына жетүү үчүн бирдиктүү терезе болгон OCDS ачык маалыматтар стандарттары каралган», — дейт Финансы министрлиги.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика