01:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан электр энергияны Казакстан менен Өзбекистандан сатып алмакчы

Кыргыз бийлиги Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине курган маегинде билдирди.

1-мартта жарыяланган маекте президент аймактагы сугат маселесин чечүүнүн жолдору тууралуу айтты:

«Биз азыр Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону караштырып жатабыз. Казакстан Республикасы 900 млн.- 1 млрдга жакын квт электр энергиясын бизге сатууга даяр экенин айтты. Өзбекстан менен да макулдашуулар жүрүп жатат. Эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизде топтолгон суу аркылуу өз элибизди электр менен камсыздоого туура келет. Ошол суунун кесепетинен сугат мезгилде өзбекке да, казакка да, эч кимге суу жетпей калат. Анткени, Токтогулда суу азайып кетет. Өзүбүз электр энергиясын өндүрүүгө киришсек анын жыйынтыгы ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан, биз Казакстан менен Өзбекстандан энергияны импорттоого тийишпиз. Бул баарыбызга ыңгайлуу. Натыйжада, сугат мезгилинде коңшу мамлекеттер менен милдеттемелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз», — деди Жапаров.

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы жатат. Анын жүрүшүндө казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы расмий кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар