Социалдык фонд 2023-жылдын биринчи кварталында пенсиянын негизги бөлүгү боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын негизги бөлүгү 8 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Ал үчүн 1 миллиард 480 миллион сом талап кылынат.
Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык эң аз пенсия жашоо минимунан жогору болушу шарт.