03:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

1-октябрдан баштап пенсиянын өлчөмү көбөйтүлмөкчү

Министрлер кабинети сунуштап жаткан токтом долбоорунда суммасы 4 миң 785 сомго жетпеген пенсияга 200 сом, ал эми 4 миң 785 сомдон көп пенсияга 500 сом өлчөмүндө кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 6 миң 248 сом, ал эми орточо айлык акы 18 миң 940 сом.

Жашоо минимумунун өлчөмү былтыр 4 миң 785 сом деп эсептелген.

Социалдык фонддун эсебине ылайык, Кыргызстандагы пенсионерлердин 48% же 343 миң 800 пенсионердин ай сайын алган акчасы жашоо минимумунан төмөн. Өлкөдө 715,5 пенсионер бар.

Эң көп окулган жаңылыктар