Кыргызстандын Малайзия шаарындагы мурдакы элчиси, Бишкектеги тергөө № 1 абагында кармалып олтурган Азимбек Бекназаров ачкачылык жарыялады.
Ал эл аралык коомчулукка кайрылуу жасап, 2 ай ичинде эч кандай тергөө иштери жүрбөй, бирок ага карабай баш коргоо чарасы узартылып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын 17 ачкачылык жарыялаган.
Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы институтунун өкүлдөрү Орозайым Нарматова, Перизат Суранованын абалы оорлошуп жатканын айтышкан.