Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылган болчу.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган.