00:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Мишустин Өзбекстанда АЭС курууну тездетүүгө чакырды

Орусия Өзбекстан менен атомдук энергетика тармагында байланышты бекемдөө маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу 2-декабрда Самаркандда Өзбекстан менен Орусиянын өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында Орусия премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Мишустиндин айтымында, Орусия даярдаган дизайн боюнча атом электр станциясын салуу — ири долбоор болуп калат.

«Бул үчүн өз ара макулдашылган бардык келишимдердин аткарылышын тездетүү керек», — деди орус өкмөт башчысы.

АЭС куруу боюнча Ташкент менен Москванын ортосундагы өкмөт аралык келишимге 2018-жылы сентябрда кол коюлган. Станция Өзбекстандын акчасы менен Орусиянын насыясына курулары кабарланган.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги кубаттуулугу 2300 МВт түзгөн АЭС өлкөнүн электр энергияга болгон суроо-талабынын 20% жабат деп күтүлүүдө. Жизак облусунун Тузкан көлүнүн жанындагы тилке ири курулуш объектиси үчүн ыңгайлуу жер катары белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума