Аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу, түндө саат 23:30да Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Азыркыга чейин алына элек. Бул тууралуу транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, Төө-Ашууда жолчулар трассаны кардан тазалап, тайгакка каршы каражаттарды сээп жатышат. Ушундай эле жумуштар Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларында жүргүзүлүүдө.
«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоого жана жолдон өтүүдө кыйынчылыктарга туш болбоо үчүн кар чынжырларын тагынууну сунуштайбыз», — деп айтылат транспорт министрлигинин маалыматында.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт.

