09:42
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Шавкат Мирзиёев расмий сапары менен Францияга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-22-ноябрь күндөрү Франциянын лидери Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Париж шаарына расмий сапары менен барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында Мирзиёев жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып, француз парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары менен жолугуп, өлкөнүн алдыңкы компаниялары менен банктарынын жетекчилери катышкан ишкерлик иш-чараларда жолугушууларды өткөрөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ондон ашык эки тараптуу маанилүү документтер, ошондой эле инвестициялык келишимдер менен соода макулдашууларынын топтому кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар