23:02
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров: Буларды «Кемпир-Абад» маселеси деле кызыктырбайт

Президент Садыр Жапаров активисттердин жана саясатчылардын жапырт кармалышына комментарий берди.

Анын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү менен диолог түзүү аракетин көрдү.

«Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем. Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: «Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле», — дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, «достошуп» кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты. Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, жарандык активисттер Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени бурмалап жатышат.

«Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, өмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда «курултай» уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.Ток этер жерин айтсам, буларды «Кемпир-Абад» маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. «Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам» дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — дейт ал.

Анын пикиринде кармалган жарандар мансапты көздөөдө.

«Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай — 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, «мына сага, министр бол!» деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем. Кемпир-Абад жана чек ара маселелери боюнча да ошондой болот, буюрса. Убакыт керек. Көпчүлүк элдин ишеними болсо болду. Калганын мага койгула. Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу — алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар