Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалык ордун тапшырууга даярдыгын билдирди.
Ал Кемпир-Абад маселеси каралган комитеттин жыйыны регламенттин алкагында өткөнүн белгиледи.
«Кечээ менин баардык документтерди көргөнүмдү айтып чыгышты. Калп. Аны биринчи сектордун жетекчиси тактай алат. Протокол менен картаны депутаттар талап кылышкан. 10-октябрда бир документти, 11-октябрда экинчи документти алып келип беришти. Алардын баарын жакшылап окубай туруп эле кайтарып берүүбүздү талап кылышты», — дейт Чыңгыз Айдарбеков.
Депутат президент менен жолуккандыгын билдирди.
«Садыр Жапаров сүйлөшүүгө даярдыгына ынандым. Бирок чечим баары бир тарыхта калат. Биз баарыбыз өлкө үчүн күйөбүз. Кошоматчылар эртең саткындар болушу ыктымал», — деди ал.