2022-жылдын 26-сентябры саат 21:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.
Малыматка ылайык, КР УКМКнын Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан минометтун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду» деген маалымат чындыка дал келбестигин билдирет.
Кыргыз тарап Тажикистан менен чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун № 42 протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт.
КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажик Республикасынын компетенттүү жана укук коргоо органдарынын көңүлүн жалпыга маалымдоо каражаттарында биргелешип кайтарылган чек арада улуттар аралык жаңжалды жана провокацияларды козутууга өбөлгө түзгөн атайылап жалган маалыматтарды таркаткандарга бурат.
Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок деп белгилейбиз
Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон.
КР УКМКнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.

