Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды.
Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечимдер менен кол коюлган протокол тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди.
«Конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык. Биринчиден, Тажикстан тараптан «Бедак», Кыргызстан тараптан «Тамдык» чек ара посту толук алынат. Ал жерде аскер кызматкерлери да, жөнөкөй адамдар да болбойт. Экинчиден, Кыргызстандан «Булак-Башы», Тажикстандан «Кех» бекети толук алына турган болду. Үчүнчү Тажикстандан «Карачикум», Кыргызстандан «Катта-Туз» чек ара бекети алынат жана бир да аскер, жөнөкөй жарандар болбойт. Андан тышкары, Кыргызстандан «Дача», Тажикстандан «Шаршара» посту алынат. Ошентип, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», деди Ташиев.
Мындан тышкары ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

