09:23
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

2022-жылдын 21-сентябры саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эске салсак, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар