Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде 2022-жылдын 20-сентябрынан тартып чек ара тилкелеринде снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлө. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.
Буга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.

