13:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар

Садыр Жапаров 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликтке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Баткен чек арасындагы кандуу кагылышууну укканда, чыдамы кеткен ар бир атуулубуз баскынчылардын мындай жоругуна кайдыгер эмес экендиктерин билдирип чыгышты.

«Мындай учурда бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, каран күнгө кабылган мекендештерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө. Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет.

Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат.

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө.

Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. «Ачуу душман — акыл дос» дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы.

Мындай коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишениңиздер деп үндөп кетер элем. Себеби азыркы учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу — баары тыкыр көзөмөлдө.

Мамлекетибиздин чек араларына байланыштуу талаштуу маселелер акырындык менен чечилип келе жатат. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы чек араларыбыз толук чечилип, расмий түрдө документтештириле турган маселе гана калды. Бүгүнкү күндө жалгыз гана Тажикстан менен чектешкен жерлерибиз такталбай, көйгө жаратып келүүдө. Биз кыргыз-тажик чек арасын бир гана тынчтык жолу менен ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди токтотпой улантып жатабыз.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар